• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттин кароосуна төрт объектти менчиктештирүү программасына киргизүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кароосуна төрт объектти менчиктештирүү программасына киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, менчиктештирүү процедурасы бир топ убакытты жана мыйзамдын талаптарына ылайык, кайра баалоо, министрлер кабинети аркылуу токтом долбоорун жактыруу, Жогорку Кеңеш аркылуу тизмени бекитүү сыяктуу ачык айкын мыйзамдуу жолдорду басып өтүү зарыл.

Андыктан министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Жогорку Кеңештин кароосуна төрт объектти менчиктештирүү программасына киргизүү сунушталды, атап айтсак:

1. “Кепилдик фонд” ААК 14,09%;
2. “Альфа-Телеком” ЖАК 100%;
3. “Евразиялык Сактык Банкы” ААК 76,56%;
4. “Керемет Банк” ААК 0,74%.

“Сунуштоо бул менчиктештирилди дегенге жатпайт. Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилсе, аталган объекттер кайра баалоо процедурасынан өтөт. Андан соң аукционго, конкурска же түз сатуу методу менен менчиктештирүү процесси башталат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнү сунушталган объекттердин ичинен “Альфа-Телеком”, “Керемет Банк” жана “Кепилдик фонддун” үлүштөрүн улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, ошондой эле иновациялык банктык кызматтарын жайылтуу долбоорлорду ишке ашыруу максатында Улуттук банкына сатып алуу үчүн кароосуна сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий