• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Партиялар добуш сатып алууну токтотсоңуздар, админресурсту мен токтотуп берейин — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант бергенден кийин президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

Президент алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрүү керектигин белгиледи.

“Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, администрациялык ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет. 21-октябрь күнү ушул темада республикалык кеңешме өткөргөнү турам. Ага айыл өкмөт башчыларынан тарта министрлер кабинетинин төрагасына чейинки бардык жетекчилер катышат. Чакырылгандардын арасында депутаттар, шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар. Анда шайлоону таза жана так өткөрүү үчүн мамлекеттик структуралык жетекчилерге катуу тапшырма берем”, - деди өлкө башчысы.

Президент Жапаров кайсы бир мамкызматкер партия же талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан кетүү менен бирге жазага тартыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий