• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Партиялардын үгүт өнөктүгүндө санитардык эрежелерди сактабагандыгы бизге маселе жаратышы мүмкүн - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Партиялардын үгүт өнөктүгүндө санитардык-эпидемиологиялыек эрежелерди сактабагандыгы бизге маселе жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал учурда парламенттик шайлоого карата үгүт иштери активдүү жүрүп жатканын айтып, эл көп чогулган жерлерде санитардык эрежелер сакталбай жатканын белгилеп өттү.

"Үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялардын штабдарына барып, атайын алдын ала эскертүүлөдү бергенбиз. Талаптарды аткарбагандарга айыппул салганга мажбур болуп жатабыз. Ал нерсе бизге маселе жаратышы мүмкүн. Анткени 1-2 миңден ашык адамды чогултуп, беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай жатышат. Биз аларга айыппул салып, эскертүүлөрдү берип жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий