• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Партиялардын программасы шайлоочулардын тандоосуна чоң таасир тийгизет - изилдөө

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоочулардын 31 пайызы партиялардын программасынын мазмунуна жараша тандоосун жүргүзөрүн билдирди. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда "Общие дело" коомдук фондунун социологу Мадина Шарафутдинова айтат.

Анын айтымында, август айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо темасында уюлдук телефон аркылуу сурамжылоо өткөрүлгөн. Сурамжылоо өлкөнүн 7 облусун, Бишкек жана Ош шаарын камтыган. Жалпы 1 миң 202 адам катышкан.

"Сурамжылоого катышкандардын 24 пайызы партияны тандоодо эмне таасир тийгизерин айта алган эмес. Чечим кабыл алууда шайлоочулардын 23 пайызы талапкерлердин тизмесине таянат, 19 пайызы саясий партиянын аброюна жараша чечим кабыл алат, 12 пайызы пандемия учурундагы гуманитардык жардам көрсөткөндөрдү тандайт, 6 пайызы жакын адамдардын пикирине таянат, 5 пайызы партиянын лидерлерине таянат, 4 пайызы эл алдына чыгып сөз сүйлөгөнүнө, 4 пайызы талапкерлердин сүйлөгөн сөздөрүнө жана 3 пайызы үгүт иштерине жараша тандоосун кылат", - дейт ал.

Мындан тышкары, социологдор шайлоочулар добуш сатып алуу мыйзам бузуу экендигин билишеби же жокпу, аны да билип көрүүнү чечкен. Дээрлик 90 пайызы бул мыйзам бузуу экенин билишет, болжол менен 9 пайызы билишпейт, 3 пайызында жооп берүүдө кыйынчылык жаралган.

Пикир

Оставить комментарий