• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Партиялардын саны жетиге жетти. Шайлоо бюллетендеринин 28 пайызы колго саналып бүттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округдагы добуштардын кол менен 28,55 пайызы саналып бүттү.

Ага ылайык, жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 712 участканын маалыматы келип түштү. Ал 28,55 пайызды түзөт.

Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы:

• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 14,58%;
• “Ынтымак” партиясы — 13,84%;
• “Ишеним” партиясы — 11,90%;
• “Альянс” партиясы — 7,04%;
• “Ынман Нуру” партиясы — 7,61%;
• “Эл үмүтү” партиясы — 6,04%;
• “Бүтүн Кыргызстан” партиясы — 5,69%.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелериндеги добуштар колго эсептелип жаткандыктан маалыматтар өзгөрүп турат.

Автоматтык эсептөө үкөктөрү (АСУ) добуштардын 97,59 пайызын эсептеп чыккан. Анда “Эл үмүтү” партиясы беш пайыздык босогону ашып өткөн эмес.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий