• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пашинян Арменияда салыктарды азайтып, бир катар министрликтерди жоюуга убада берди

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Арменияда “Менин кадамым” альянсы менен парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Никол Пашинян бир катар олуттуу реформалар болорун жарыялады.

Ал чакан бизнес үчүн салыктарды жоюуну, министрлик менен мекемелердин санын жана чиновниктердин чыгымдарын кыскартууну, Арменияга каражат алып келе турган инвесторлорго салык жеңилдиктерин берүүнү, экономикалык монополияны жок кылууну сунуштады:

– Бизде министрликтер көп, алардын бир бөлүгүн кыскартуу керек. Чакан бизнести салыктан бошотууга ниеттенүүдөбүз. Муну эл өзүнө иш түзүп, өзүнө бакубат жашоо камсыздоосу үчүн жасап жатабыз.

Ал инвестрлорго жагымдуу шарт түзүү үчүн салык кодекси өзгөртүлөрүн белгиледи:

– Чет өлкөлүк инвесторор, чет өлкөлүк бизнес Арменияга келип, биздин революциянын бир бөлүгү болот деп үмүттөнөбүз. Бул Арменияны айыл чарба өлкөсүнөн жогорку технологиялык өлкөгө айландырууга жардам берет. Бул үчүн бизде адам ресурстары, саясий эрк, тиешелүү саясий жана экономикалык атмосфера бар.

Арменияда 9-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы добуштардын 70,4 пайызын алган. Парламентке мындан тышкары “Гүлдөгөн Армения” партиясы 8,27% ,“Жаркын Армения” партиясы 6,37% добуш менен өткөн. Буга чейин парламентте көпчүлүктү түзүп келген мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы 4,7% гана добуш топтоп, 5 пайыздык босогону багындыра албай калган.

Пикир

Оставить комментарий