• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Армениянын президенти жана премьери Жапаровду жана  Кыргызстандын элин куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Армения Республикасынын президенти Армен Саркисян жана премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Армен Саркисяндын куттуктоосу: «Башкы улуттук майрам — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз!

Армения Кыргызстан менен мындан аркы мамлекет аралык алаканы өнүктүрүүгө, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берет.

Өлкөлөрүбүздүн тыгыз кызматташуусу армян-кыргыз мамилесин өнөктөштүктүн мындан да жогорку деңгээлине чыгараарына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Армен Саркисян Садыр Жапаровго ден соолук жана өлкө бакубатчылыгына ийгилик, Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Никол Пашиняндын куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизди чын жүрөктөн куттуктайм.

Өлкөлөрүбүздүн бир бирин урматтаган салттары жана элдерибиздин достугу Армения менен Кыргызстандын мындан аркы ар тараптуу кызматташуусунун бекем негизи болуп кызмат кылат деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизди Чолпон-Атадагы жылуу кабыл алууңуз үчүн ыраазычылык билдирем.

Биргелешкен аракеттер менен жакын арада биздин макулдашууларды ишке ашырабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Николь Пашинян Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт жана жоопкерчиликтүү кызматында жаңы жетишкендиктерди, ал эми Кыргызстандын элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий