• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Паспорттогу улуту деген графа кайра кайтарылат – Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Паспорттогу (ID-карт) улуту деген графа кайра кайтарылат. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, ким кааласа графага улутун жаздырып алса болот.

"Каалоого жараша болот. Каалабаган жарандар улуту деген графаны бош калтырып деле койсо болот. Мамлекеттик каттоо кызматы 60 күндөн 90 күнгө чейин убакыт сурады", - дейт ал.

Эскерте кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берген.

Пикир

Оставить комментарий