• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Паспортторду электрондукка алмаштыруу кампаниясынын алкагында 370 өтүнмө түштү - МКК

Коом 0

Бишкек, 2-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2-май 10:00гө карата стандарттуу паспортторду электрондукка алмаштыруу боюнча 370 өтүнмө түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин паспортторду чиптик түрүнө акысыз алмаштыруу акциясы өтөт.

“Кампания биринчи жолу ID-card алып жаткандарга жана 2004 жана 1994-жылдардагы үлгүдөгү паспорттордун ээлерине тийиштүү. Белгилей кетсек, биринчи жолку алмаштыруу гана акысыз негизде жүргүзүлөт. Кайра алмаштыруу, мисалы, жоготуп алган соң акы төлөп алмаштырылат”, - деп түшүндүрдү Д.Догоев.

Ошондой эле, МКК төрагасынын орун басары кандайдыр бир өзгөрүүсүз ID-card алмаштырууну каалаган жарандын жанында азыркы гана паспорту болушу керектигин билдирди.

“Тактап айтканда, жаран өзү жана жанында паспорту болушу керек. Эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүү, алсак, үй-бүлөлүк абалын алмаштыруу зарыл болсо, кошумча документтер, бул учурда нике күбөлүгү талап кылынат. Ошондой эле, жаран калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестринде болушу керек. Эгерде ал жок болсо, аны киргизүү зарыл. Мисалы, жашаган жери боюнча каттоого туруп. Адам жатаканада жашап, анын негизинде кийин батир алган болсо, анда ал тутумда жок. Жаран жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө тийиш”, - деп кошумчалады Д.Догоев.

Ал алмаштыруу тууралуу өтүнмөнү катталган жерине карабастан, бардык паспорт столдоруна же калкты тейлөө борборлоруна калтырууга болорун белгиледи.

“Паспорт 14 күндүн ичинде алмаштырылат. Бүгүнкү күнү ири кезектерге жол бербөө үчүн кошумча адамдарды ишке тартуу маселеси чечиле элек. Бул маселе талданып, иштелип жатат. Зарылчылык болсо, кошумча күч тартылат, ошондой эле, документтерди эс алуу күндөрү алмаштырган борборлордун иши каралууда”, - деп жыйынтыктады Д.Догоев.

Пикир

Оставить комментарий