• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Паспорттун мамлекеттик алымын терминалдарга төлөө мүмкүнчүлүгү ачылды - МКК

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Паспорт алууну же алмаштырууну көздөгөн жарандар мамлекеттик алымды терминалдарга төлөй алат. Дистанциондук система Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфаком” мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Маалыматтарга ылайык, тейлөө борборлорунда электрондук төлөө системасы киргизилди. Эми жарандар аталган кызматка акча төлөөнү “TeremPay” терминалы же “Элсом” капчыгы аркылуу ишке ашырса болот.

“Бул система тейлөө кызматына келген жарандарга кошумча ыңгайлуулукту жаратат. Мисалы документтерди каттоонун соңунда операторлор тарабынан жарандарга төлөөнүн коду берилет. Анда бардык чыгымдар камтылат. Ал эми акчаны төлөш үчүн кодду терминалга терүү жетиштүү болот”,-деп жазылат маалыматта.

Аталган системасынын дагы бир ыңгайлуулугу ашыкча акчаны кайрып берүү функциясы эсептелет.

“Учурда терминалдар беш тейлөө борборлорунда орнотулган. Мындай техника менен республиканын бардык аймактарын жабдуу пландалып жатат. Жакынкы аралыкта бул терминалдар аркылуу бир гана паспорт алмаштыруудагы кызмат акыларды эмес, никеге туруу күбөлүгү, каттоого турууда, каттоодон чыгууда, жарандардын жана чет өлкөлүктөрдүн катталуусунда дагы колдонула баштайт”, - деп билдирет “Инфоком” компаниясы.

Пикир

Оставить комментарий