• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Диний ишеними курал колдонууга уруксат бербегендер альтернативдик кызматтан өтүшөт – Башкы штаб

Коом 0


Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Аскерге чакырылуучунун диний ишеними курал колдонууга уруксат бербесе, анда алар альтернативдик кызматка чакырылат. Бул тууралуу "Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы уюштуруу жана мобилизациялык башкармалыгынын аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар альтернативдик кызматка чакырылат – анын акысы 25 миң сом, 180 саат коомдук пайдалуу жумушка тартылып, андан кийин аскердик билет берилет.

«Мындай ишенимдердин арасында элүүнчү күндөр, баптисттер жана башкалар бар. Ал эми Ислам мекенди коргоого уруксат берет» , -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий