• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ПЧР-диагностика адам мурда коронавирус менен ооругандыгын көрсөтпөйт – башкы санитардык дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. ПЧР-диагностика адам мурда коронавирус менен ооругандыгын көрсөтпөйт. Адамдын мурда коронавирус менен ооругандыгын аныктоо үчүн анализдин башка ыкмаларын колдонуу зарыл. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе чечилүүдө. “Мурда ооругандарды аныктоо үчүн атайын анализ талап кылынат. Бизге анализатор жана реактивдер келип түшөөрү менен, биз мындай анализдерди жасай алабыз”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетет. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий