• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Педофил балдарды уурдап кеткендиги тууралуу маалымат ырасталган жок – Чүй облустук ИИББ

Кырсык 0

Бишкек, 22-май /Мехриниса Сулайманова- Кабар/. Социалдык тармактарда жана ЖМКларда тараган педофил балдарды уурдап кеткендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 21-май күнү саат 13:20 чамасында Аламүдүн районунун ИИБне Бишкек шаарынын тургуну 30 жаштагы Р.Э Беш-Күнгөй айылындагы эс алуу жайларынын биринен алтын түстөгү “Ауди” маркасындагы авто унаанын алдыңкы орундугунда кичинекей кыздын ыйлап кетип бараткандыгы туурасында кабарлаган.

Алынган маалымат боюнча, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук бардык ички иштер органдарына кабарланган.

22-май күнү балдардын энеси 33 жаштагы А.К. табылып, маалыматты ачыктады. Балдардын энесинин айтымына караганда, жолдошу менен ажырашып жаткандыктан, кызы менен баласын убактылуу алып кеткен. Бирок, кийин кайра алып келгендиги туурасында билдирди.

Ошондой эле, 21-май күнү саат 12:30 чамасында кызы энесине чалып атасы менен ажырашпоосун суранган.

“Ал киши педофил эмес эле балдардын атасы. Болгону алардын ата-энеси ажырашып жаткан экен”, - деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий