• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Педофилияга айыпталган Түркиянын жараны Бишкекте кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 36 жаштагы Түркиянын А.С., аттуу жараны кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран өзүнүн мекенинде Интерпол жана укук коргоо органдары тарабынан жашы жете элек кызга сексуалдык ыдык жасагандыгы үчүн изделип жаткан.

Териштирүүдө аныкталгандай, шектүү жаран 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагындагы жогорку окуу жайында жалданып иштеп келген.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү Бишкек шаарындагы СИЗОго 1 айга киргизилген. Учурда аны өз мекенине өткөрүп берүү боюнча маселе каралууда.

Пикир

Оставить комментарий