• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пекинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кошумча аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.03.23./Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Пекин шаарында Кыргызстандын элчиси Актилек Мусаеванын Кытайдын жарандык авиация администрациясынын эл аралык департаментинин директору Чэнь Вэй менен жолугушуусу өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө авиация тармагындагы эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек менен Пекиндин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу, ошондой эле кошумча аба коридорлорун ачуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк каттамдарын уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий