• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пекинде Кыргызстан жана Кытайдын ТИМ башчылары жолугушту – эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Пекинде Кыргызстан жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Ван И кечээ “Дяоюйтай” Кытай мамлекеттик резиденциясында жолугушуу өткөрүштү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ТИМ башчылары кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалынын баардык аспектилерин жана аларды келечекте активдештирүүнү талкуулашкан.

Жолугушуу алкагында эң негизги темалардын бири катары “Бир алкак-бир жол” эл аралык II Форумунун алкагында КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай мамлекетине апрель айына пландалган визити жана ушул жылдын июнь айларында Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитинин алкагында КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга келүүсү талкууланды.

Айдарбеков жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Кытай мамлекети менен болгон ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкка чоң маани берээрин белгиледи.

“Кыргызстан кызматташуунун баардык жактарын өнүктүрүүгө аракет жасайт. Анын ичине маанилүү эки тараптуу социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу да кирет”, - деди министр.

Ван И өз кезегинде Кыргызстан Кытай үчүн маанилүү өнөктөш экендигин билдирди. Ошол себептен кытай тарап эки жактуу кызматташтыктын жогорку динамикасын биргеликте колдоого даяр экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле ушул жылдын май айында Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келүү тууралуу чакырууну кубануу менен кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий