• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пекинде кытай жана чек элдик журналисттер үчүн жалпы пресс-тур уюштурулду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съездинин алкагында бүгүн Пекинде 35 кытай жана чет элдик журналисттер үчүн таанышуу туру уюштурулду. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги билдирет.

Журналисттер Кытайдын борборундагы белгилүү жерлерди: Юндинмэнь дарбазасы, Цзиншань эс алуу жайы, Барабандык жана Коңгуроо мунарасын, Олимпиялык эс алуу жайында жайгашкан байкоо мунарасын жана башкаларды кыдырышты. ККПнын 19-съездин чагылдыргандардын арасында Кыргызстандын ММК өкүлдөрү да бар.

Пикир

Оставить комментарий