• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пекинде ОшМУнун Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борбору ачылды

Билим 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ортосунда Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборунун ачылуу аземи бүгүн, 14-октябрда онлайн байланыш аркылуу өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Салтанатка Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова, Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ректору Го Гуаншен жана эки окуу жайдын жамааты катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Борбордук улуттар университетинин негизделгенинин 70 жылдыгы менен куттуктап, окуу жайдын өзгөчө Кытайдагы аз сандуу улуттардын агартуу тармагына кошуп келе жаткан салымы чоң экендигин белгиледи.

Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун түзүү чечимине эки окуу жайдын ректорлору 2019-жылдын декабрь айында Пекинде кол коюшкан. Борбордун максаты эки мамлекеттин ортосунда достук, ырашкерлик мамиленин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө ректорлор студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздору биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки элдин классикалык чыгармаларын которуу долбоорлорун камтыган кызматташуу келишимине да кол коюшту.

Учурда ОшМУ 30дан ашуун өлкөдөгү 296 жогорку окуу жай менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюп, иштеп келе жатат.

ОшМУ акыркы 5 жыл аралыгында Эл аралык көз карандысыз аккредитация уюмунун тандоосу менен Борбор Азиянын мыкты делген 5 жогорку окуу жайдын катарында.

Пикир

Оставить комментарий