• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пекинде өткөн багбанчылык боюнча эл аралык көргөзмөдө Кыргызстан күмүш байгеге татыды

Экономика 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Пекинде өткөн багбанчылык боюнча эл аралык ЭКСПО-2019 көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук көргөзмө үйү күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айыл-чарба министринин кеңешчиси, кыргыз күркөсүнүн директору Азат Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөгө 110 өлкө жана эл аралык уюмдар, ошондой эле 120 коомдук уюмдар катышкан. Көргөзмө 162 күн иш алып барып, анын алкагында 100дөн ашык өлкөнүн көргөзмө күндөрү жана 300дөн ашык маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.

"Кыргыз көргөзмө күркөсүн даярдоо милдети Айыл-чарба министрлигине жүктөлгөн. Көргөзмөдө кыргызстандык айыл-чарба азыктары жана кайра иштетүүчү ишканалардын продукциялары көрсөтүлүп, алардын ичинде өлкөнүн ар аймагынан чыгарылган өнүмдөр болду", - деди ал.

Ал белгилегендей, биздин айыл-чарба азыктарыбызды көргөндөн кийин Кытайдын 4 соода компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда болуп, эми биздин өндүрүүчүлөр менен келишим түзүүгө бел байлап жатат.

Пикир

Оставить комментарий