• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пекинде Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү - Сыдыков

Президент 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. «37 мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн лидерлери катышкан „Бир алкак — бир жол“ форумунун талаасында Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тактап айтканда, Россия Президенти Владимир Путин, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Беларус Президенти Александр Лукашенко, Тажикстан Президенти Имомали Рахмон, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, ошондой эле Дубайдын эмири, Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен сүйлөшүүлөр болду», — деп белгиледи президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Ал эске салгандай, Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 2019-жылдын 26-28-апрелинде «Бир алкак — бир жол» экинчи форумуна катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу визит менен барды. Визиттин алкагында ал Форумдун расмий ачылыш аземине катышып, биринчи сессиясында баяндама жасады.

«Баяндамасында Мамлекет башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы реформаларга, анын ичинде экономикалык чөйрөдөгү реформаларга токтолду, инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө айтып берди. „Бир алкак — бир жол“ демилгесиндеги Кыргызстандын ролу жана орду тууралуу бир нече демилгелерди айтты», — деп кошумчалады Данияр Сыдыков.

Ал 28-апрелде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. Мамлекеттер башчылары эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ал соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тийиштүү болду жана транспорт, темир жол маселелери үчүн өзүнчө блок бөлүнгөн.

«Тараптар бул долбоор эки өлкө үчүн эле эмес, бүт регион үчүн пайдалуу экенин түшүнүүгө келишти. Бул маселе ар тараптан талкууланышы керек, ал эми эки өлкөнүн эксперттери кылдат иш алып баруулары керек. Долбоор башка өлкөлөр үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Азыр Россия бул долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал баса белгилегендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү жөнүндө чакыруусун кабыл алганын билдирди. Анда 20га чукул документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков жумушчу визиттин алкагында корпорациялардын бир катар башчылары менен жолугушту жана алар менен түз инвестициялар, айыл чарбасы, транспорт инфраструктурасы, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин, Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Ошондой эле кытай архивиндеги кыргыздардын тарыхы тууралуу материалдарды изилдеп жаткан Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштуулары менен да жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий