• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пекинде Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү

Саясат 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү.

Жолугушуу аземи Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өттү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты.

Жолугушуунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан кийин Мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик визити үч күнгө созулат, анын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация бар. Ошондой эле кытайлык ири корпорацияларга баруу да мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий