• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пекинде ЖК депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүү участогу ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Пекинде Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук округунда 28-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имаратында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү үчүн №9040 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

Дареги: Кытай Эл Республикасы, 100125, Пекин шаары, Чаоян району, Сяоюнь көчөсү 18, Кингс Гарден» шаарчасы Н 10/11 (中华人民共和国 100125,北京市朝阳区霄云路18号京润水上花园别墅H区10/11).

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий