• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пекинден Циндаого: Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары

Саясат 0

Пекин, 09.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекинден Циндао шаарына (КЭР) учуп келет.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы биринчи мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына 6-июнда учуп келген.

Пекин шаардык аэропортунан мамлекет башчысын КЭРнын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй, Кытай Эл Республикасынын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, ошондой эле КРдин КЭРдеги элчиси Азамат Усенов, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева тосуп алды.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жана делегаттардын жолугушуусу Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өттү.

Жогорку саясий диалог мыкты деңгээлде өттү. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу көптөгөн маселелер талкууланган, жалпысынан аларды төрт блокко бөлүп кароого болот: саясий, соода-экономикалык, өз ара алака, коопсуздук жана Шанхай кызматташтык уюму алкагында кызматташуу.

Андан тышкары, гранттык негизде 600 млн.юан жана КРнын алыскы аймактарын таза суу менен камсыздоо үчүн 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишимдер макулдашылды.

КР экономика министри Олег Панкратов жана КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметова бул каражаттар кайсыл жакка багыттала тургандыктарын айтып беришти.

Сапардын экинчи күнү мамлекет башчысы КЭРнын Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу жана Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Жолугушуулар ийгиликтүү өттү.

Ошондой эле Жээнбеков Кытай темир жол куруу корпорациясы» ЖЧКсынын (CRCC) жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Тяньанмень аянтына барып, «Элдик каармандар» монументине гүл чамбар коюп, Кытайдын курман болгон баатырларын эскерди.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай тарап бир катар маданий иш-чараларды уюштурган.

Алсак, 7-июнда президент башында турган кыргыз делегаттары «Тыюу салынган шаарга» барышты. Тарыхый комплекстин кызматкерлеринин айтуусунда, мындай чакыруулар бардык эле ардактуу конокторго сунуштала бербейт.

Ошол эле күнү кечинде президент Пекиндеги «Тяньцао» аткаруучулук көркөм өнөр борборуна барып, кытай тилинде «Манас» операсын көрдү.

Мамлекеттик сапардын жыйынтыктоочу күнү кыргыз делегаттары Улуу Кытай дубалына барышты. Президент ардактуу коноктор үчүн Китепте дос Кытай өлкөсүнө тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

Андан соң мамлекет башчысы Кытайдагы автоунаа жана электромобиль чыгаруучу эң ири өндүрүш ишканаларынын бири болгон Beijing Automotive Group Co., Ltd (BAIC Group) корпорациясынын штаб-квартирасына барып, корпорациянын автоунаалар музейин, электромобилдердин акыркы моделдерин көрүп чыгып, алардын түзүлүшү жана иштөө принциптери менен таанышты.

Андан соң эки тарап сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн чогулушту.

Мамлекет башчысы бардык уюштуруу маселелери боюнча жеринде чечим кабыл алуу үчүн BAIC Group компаниясынын өкүлдөрүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Андан тышкары Жээнбеков Кытайдын айыл чарба илимдер академиясына барды. Мамлекет башчысы айыл чарба продукцияларынын жаңы сортторун өстүргөн күнөскананы жана лаборатория менен таанышып чыкты, ошондой эле Президентти айыл чарба тармагындагы акыркы илимий жетишкендиктер менен тааныштырышты.

Академиянын жетекчилиги менен болгон жолугушууда айыл чарба азыктарын өндүрүү, мал чарбачылыгы жаатында тажрыйба алмашуу жана илимий дараметти жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча эки өлкөнүн окумуштуулары менен адистери ортосундагы кызматташтык бекемдей турганы белгиленди.

Жалпысынан тараптар белгилегендей, мамлекеттик сапар өз ара ишеним жана түшүнүү нотасында өтүп, жемиштүү болду. Болуп өткөн саясий диалог жана кабыл алынган чечимдер эки тараптын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгөн багытталгандыгына кабар берет.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны эртең, 10-июнда болот.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Андан тышкары, саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий