• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пекин бийлиги беткапты 6 эсе кымбат саткан дарыканага ири өлчөмдөгү айып пул салат

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Пекиндин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы жаңы илдеттин тараган мезгилинде беткаптарды кымбат баада саткан дарыканага 432 миң доллар өлчөмүндө айып пул салууну көздөөдө. Бул тууралуу Пекиндин өкмөтү билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалык 23-январда тарта шаардагы дары-дармек, азык-түлүк жана беткаптын баалары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөн. 23-январдан бери товарларды кымбат саткан мекемелерге 31 иш козголгон.

Алардын арасында Фэнтай районундагы "Jimin Kangtai" дарыканасы беткапка болгон бааны 6 эсеге кымбаттатып саткан. Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы аталган дарыканага административдик жаза боюнча угууга чакыруу катын берип, 432 миң доллар өлчөмүндө айып пул сала тургандыгы тууралуу билдирүүсүн жиберген.

Шаардын бийлиги өзүнүн жарандарын азык-түлүккө же башка товарларга болгон баанын жогорулашын байкаган учурларда ыкчам байланыш линияларына чалууга чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий