• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пенсия чектөөгө зарыл болгон документтерди даярдоонун жол – жоболору жеңилдетилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору пенсия чектөөгө зарыл болгон документтерди даярдоонун жол – жоболорун жеңилдетүүнүн жана алардын тизмесин кыскартууну белгилейт.

“Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да үчүнчү окууда комитеттин жактыруусуна ээ болду.

“Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңеш токтомунун ишке ашырылышы да талкууланды. Бул багытта демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов баяндама жасап, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү кошумча суроолорго жооп беришти. Адистердин айтымында, учурда иштеп жаткан тарых институтуна жылыга каралган каражат болгону 7 млн. сомду түзөт. Анын 6 млн. сому айлык акыга жумшалат. 1 млн. сому коммуналдык кызматтарга, жумушчу сапарларга (командировкаларга) сарпталат. Каражаттын аздыгынан экспедицияларга чыгуу иштери да дээрлик жүрбөйт деле.

Депутат Зиядин Жамалдинов айтып жаткан маселе боюнча Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институту түзүлүшү керек. Бул жагынан имарат издеп деле убара тартуунун кереги жок. Кыргыз – орус (Славян) университети имарат – жайдан жардам берүүгө даяр. Эң башкы максат – кыргыз тарыхын изилдөө азыркы учурда тилибиз кийген кейипти кийип, ара жолдо калбашы керек, - дейт. З.Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий