• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Пенсия дайындоодо жарандар үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жол-жоболорун жеңилдетүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгаарда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кыларын белгилеген депутат Аалы Карашев ошондон улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатканын айтты.

“Бул маселелерде жоюлуп кеткен жана ишин токтоткон уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда иштешкен жарандар кыйла оор кыйынчылыктарга тушугууда. Мындай иш берүүчүлөрдүн катарына мурдагы СССРдин тушундагы жамааттык жана биргелешкен чарбалар, өнөр жай жана башка ишканалар, кийинки коммерциялык уюмдар жана башкалар кирет”, - дейт депутат.

Андан тышкары, демилгечилер 1991-жылга чейин айрым жарандарыбыз мурдагы СССРдин башка союздук республикаларында жайгашкан ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштешкендиги, же болбосо, Кыргызстандын аймагынан сырткаркы жерлерде окушкандыгы жана аскердик кызмат өтөшкөндүгү тууралуу маселени эске алсак, жагдай ого бетер татаалдаша турганын айтышат.

Улан Примов, Кенжебек Бокоев, Аида Касымалиева баштаган бир катар депутаттар мыйзам долбоору пенсияга чыгуудагы бир топ көйгөйлүү маселелердин чечилишин жеӊилдетип, Соцфонд тармагындагы коррупциялык жосундага да бөгөт койо турганын белгилешти. Депутат Дастан Бекешев иштеген жарандардын баарын заманбап электрондук эмгек китепчесине өткөрүү сунушун берди.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев ресторандар менен кафелер сындуу жайларда иштеген көптөгөн жаштар эмгек китепчесисиз эле иштеп, эмгек стажы жок болгондуктан, кийин пенсияга чыгарда кыйла кыйынчылыктарга дуушар болорун айтты. “Жумуш берүүчүлөрдөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн сөзсүз төлөөнү талап кылыш керек. Ошондо жаштарга да жакшы болот, Соцфондго да кошумча каражат түшөт”, - дейт ал.

Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, мыйзамга ылайык, аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында пенсияга чыга алат. Ал мыйзам долбоорун колдоорун, пенсия чектөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ырааташтыруу максатында, азыр жарандардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын, эми пенсиялык документтерди Соцфонддун өзү даярдай баштай турганын, демек, пенсияга чыкчу жарандар арыз берүү менен эле чектелерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий