• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пенсия ушул күздө жогорулайт — премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөттүн апаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, бүгүн өкмөт башчысы мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөргөн.

Абылгазиев билдиргендей, пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат.

"Бул өкмөттүн жоопкерчилиги. Биз пенсиядагы жарандарыбыз үчүн тийиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылышыбыз керек. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бардык чегерүүлөрдүн принциптери жарандар үчүн түшүнүктүү жана акыйкат болушу үчүн алдыда өлкө боюнча айлык акы жана пенсияларды жогорулатуунун механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий