• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пенсия жана социалдык камсыздоо. Былтыр Соцфондго 10 миңден ашуун арыз түшкөн

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-декабрь айларында 10 миң 736 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • жазуу турундө кайрылуулар – 453;
  • ооз эки кайрылуулар – 917;
  • электрондук кайрылуулар – 219.

"2022-жыл ичинде келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 134 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-декабрь айларында 5 миң 693 телефон чалуу жана уюлдук телефон аркылуу 3 миң 320 чалуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий