• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүн ипотека жана дарылануу үчүн алууга болот – Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүн ипотека жана дарылануу үчүн алууга болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

"2010-жылы Кыргызстандын пенсиялык системасында жаңы топтомо компоненти киргизилген. 2010-жылдан бери ар бир жаран айлыгынан ал Топтомо фондго 2%ы которулуп турат. Учурда ал каражат 20 млрд сомдон ашып калды. Анын 11 млрд сому камсыздандыруу төгүмдөрү болсо, 9 млрд сомдон ашыгы 9 жыл ичиндеги кошумча инвестициялык киреше болуп эсептелет", - дейт ал.

Ал белгилегендей, ошол топтомо фонддогу каражаттарын жарандар пенсияга чыкканга чейин эле, маселен, ипотекага батир алуу үчүн (турак-жайы жок жарандар) баштапкы төгүм төлөө үчүн же айрым оор илдеттерге чалдыккан жарандар ала алышат. Жарандардын ал каражатын бир ирет гана алууга мүмкүнчүлүгү бар. Маселен, бир ирет алып, 5-10 жыл өткөндөн кийин кайра топтолгон каражатын ала албайт.

"Белгилүү болгондой Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан үйлөр берилип жатат. Ага баштапкы төгүм төлөө үчүн акча каражат жок болсо, бизде топтолгон каражаты бар жарандарга аны алып кеткенге мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Алар 50 миң сомдон ашык каражаты болсо алып кете алышат. Себеби, эсептөөлөр боюнча баштапкы төлөм үчүн керектүү каражат орточо 50 миң сом чыгып жатат. Топтолгон акча 50 миңге жетпесе аны ала албайт. Экинчиден кан оорулары (курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү), апластикалык аз кандуулук, гемофилия), Tumor Nodus Metaststis эл аралык классификациядагы 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы зилдеме жаңы шишиктери, кан айлануу органдарынын ооруларына (тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк кемтиги, жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу, жүрөктүн өнөкөт коронрадык оорулары, операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын ооруусу, облитерацияланган эндатериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү) чалдыккандар канча каражаты болсо алып кете алышат. Ооруга чалдыккан адамдарга диагноздор коюлгандан кийин берилет. Каражат жарандын өздүк эсебине которулат", - деди ал.

Анын айтымында, жаран ипотекага үй алуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания арыз калтырат. Андан кийин компания "Түндүк" системасы аркылуу Социалдык фондго кайрылат. Өз кезегинде фонд компанияга маалымат берет. Андан кийин жаран ипотека алууга макулдук берилгенден кийин Социалдык фонд каражатты банкка которуп берет.

Анын айтымында, ар бир жаран Топтомо фонддо канча акча чогулганын өздүк кабинет аркылуу биле алат. Ал үчүн жашаган же иштеген жер боюнча Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына арыз менен кайрылып, өздүк кабинетинин сыр сөзүн алуусу керек.

Пикир

Оставить комментарий