• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Коом 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — колдонуудагы Мыйзамдын айрым ченемдерин «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү.

Ушул багытта кабыл алынган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктундагы «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөргө алмаштырылды.

Бул өзгөртүүгө ылайык Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын чагылдырууга милдеттүү. Аларды эсептөөнүн тартибин өкмөт белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий