• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пенсионер Абдыкаар Сыдыков президенттик шайлоого катышарын билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Пенсионер Абдыкаар Сыдыков президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

"5-ноябрда 1959-жылы 27-октябрда туулган Абдыкаар Сыдыков өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 7 талапкер – Канат Исаев, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов жана Бакыт Бакетаевдер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий