• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пенсионерлерге кызыл "Тулпар" карталары бериле баштады. Кайсы жерлерден алса болот?

Коом 0

Бишкек, 01.06.20./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы жеңилдиктер каралган категориядагы жарандарга кызыл "Тулпар" карталарын берүүнү жандандырды.

Мэриядан билдиришкендей, карталар бериле турган ар бир түйүндө санитардык талаптар сакталган. Карталар күнүнө чектелүү сандагы адамга берилет: райондук акимчиликтеги тейлөө борборлорунда күнүнө 80 адамга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда 50 кишиге.

"Тулпар" карталарынын артыкчылыгы: чыгымдардын ачыктыгы жана кагаз, тыйын акчаларды колдонуунун кереги жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да кагаз акчаларды көп колдонбоону сунуштайт", - деп билдирет мэрия.

Мэрия автобус жана троллейбустарга алдыңкы эшик аркылуу кирүү керектигин эскертет.

Песионерлер "Тулпар" карталарын кайсы жерден ала алат:

Ленин району:

Ленин районунун акимчилиги - Чүй проспектиси 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);

№5 МАБ - Шота Руставели көчөсү, 111 (Ахунбаев көчөсүнөн жогору);

Бишкек троллейбус башкармалыгы - Москва көчөсү, 237а (Фучик көчөсү менен кесилишет).

Октябрь району:

Октябрь районунун акимчилиги - Байтик баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);

№8 МАБ - Токтоналиев көчөсү, 80/2 (Саманчин көчөсү);

№9 МАБ - 6 кичирайону, 4/1 (Сухэ-Батор көчөсү).

Свердлов району:

Свердлов районунун акимчилиги - Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);

№17 МАБ - Москва көчөсү, 15 (Сүйүмбаев көчөсү менен кесилишет);

№18 МАБ - Атай Огонбаев көчөсү, 207 (Гоголь көчөсү менен кесилишет);

№21 МАБ - "Энесай" конушу (9), 256/2 (Култегин көчөсү).

Биринчи май району:

Биринчи май районунун акимчилиги - Жибек-Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет);

№12 МАБ - Токтоналиев көчөсү, 6Б (Жаманбаев көчөсү менен кесилишет).

Пикир

Оставить комментарий