• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пентагон: АКШнын Сириядагы ИМ тобуна каршы күрөшүү боюнча саясаты өзгөрүүсүз калууда

Дүйнө 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Кошмо Штаттардын Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшүү боюнча аскердик саясаты өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал-лейтенант Кеннет Маккензи билдирди.

Ал президент Дональд Трамп исламчыларга каршы күрөшүү үчүн америкалык аскерлерди Сирияда калтыруу мөөнөтүн узартууга макул болгонун белгиледи. Мурдараак Трамп Сирияда «Ислам мамлекети» деп аталган топко каршы күрөш дээрлик аяктаганын жана америкалык аскерлерди ал өлкөдө калтыруу зарыл эмес экенин билдирген.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы 2014-жылдан бери күрөш жүргүзүп келет. Анда америкалык аскерлердин саны эки миңдей кишини түзөт. Коалиция сирия демократиялык оппозициясын колдойт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий