• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пентагон Түндүк Кореяга эскертүү берди

Дүйнө 0

БИШКЕК, 10.08. 17. /Кабар/. Бейшембиде АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Түндүк Корея “режимдин күнүн бүтүрүп, элин жок кыла турган” бардык аракеттерди, анын ичинде өзөктүк куралданууга умтулуусун токтотуусу керектигин билдирди.

Мэттис Мамлекеттик департамент дипломатиялык аракеттерди көрүп жатканда, Кошмо Штаттар жана алардын тарапташтары “Жер жүзүндө так, тапталган жана ишенимдүү коргонуу менен кол салуу мүмкүнчүлүгүнө” ээ экенин кошумчалады.

Мэттистин билдирүүсүнө карабай, АКШ өкүлдөрү учурда кошумча аскер күчтөрү кооптуу аймакка жөнөтүлгөн жок деп эсептешүүдө. Түндүк кореялык коркунучтан коргонуу үчүн Түштүк Кореяда Кошмо Штаттардын жеке курамдагы 28 миң 500 аскери бар. Жапонияда 54 миң америкалык аскер кызмат кылат. Мындан тышкары бул эки өлкөдө тең он миндеген америкалыктар иштешет.

Күн мурун Түндүк Корея Кошмо Штаттарга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планын дыкат караштырып жатканын билдирген. Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан бул аралда америкалык аскерий базалар жайгашкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий