• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пермиде 30 адамды сапатсыз шаурма менен ууландырган кыргызстандык аял соттолду

Коом 0

Бишкек, 11.11.17 /Кабар/. Россиялык Перми шаарынын соту шаверма саткан күркөнүн ашпозчу-сатуучусу – 32 жаштагы Кыргызстандын жаранын 300 саат кара жумушка кести. Ал “адамдарды массалык түрдө ооруга алып келген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” боюнча күнөөлүү катары табылды.

Пермь крайынын прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын июнуна чейин кыргызстандык аял иштөөгө уруксат кагазы жок тамак-аш (шаверма, шаурма, самса) даярдап саткан күркөдө ашпозчу-сатуучу катары иштеген.

Бул жайдагы идиш-аяктын таза жуулбагандыгынын, санитардык нормалардын бузулушунун натыйжасында 2016-жылдын 12-16-июнунда ондогон кардарлар сальмонеллез жуктуруп алышкан.

Аталган крайдын тез жардам кызматы менен “сальмонеллез” диагнозу менен 30дан ашуун адам ооруканаларга жеткирилген. ооругандардын жарымы үйлөрүнөн дарыланышкан.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгында оорунун козгогучу күркөдө жана айыпталуучунун өзүнүн бактериологиялык анализдеринде табылган.

Иште жалпысынан 34 адам жабырлануучу катары таанылып, алардын 8и жашы жете электер болгон.

Сот кыргызстандыкты 300 саат кара жумушка кесип, жабырлануучулардын пайдасына андан моралдык компенсация өндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий