• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Перунун экс-президенти жана анын жубайы камакка алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. 18 айга убактылуу кармалган Перунун экс-президенти Ольянта Умала жана анын жубайы Надин Эредия камакка алынды деп билдирет “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги.

Өкүм угузулаары менен соттолгондор полиция кызматкерлеринин коштоосунда колго түшүү үчүн сотко барышкан. Экс-президент менен анын жубайы кайсы жакта кармалаары азырынча белгисиз.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Умала (президенттиктен 2016-жылдын июль айында кеткен) президент кезинде венесуэлалык бийликтен, “Odebrecht” курулуш компаниясынан жана “OAS” фирмасынан 2006- жана 2011-жылдардагы “Перунун улуттук партиясынын” шайлоо компанияларын жүргүзүүгө каражат алган деп айыпталууда. 2015-жылы Перунун прокуратурасы Эрединин финансы каражаттарды алууга тиешеси бар жогу иликтенет деп билдирген. Анда сөз Умаланын шайлоо компанияларын каржылаган фонддор жөнүндө айтылган.

Умала бул тууралуу комментарий берген. “Бул өкүм биз биздин жана жалпы жарандардын укугу үчүн күрөшө турган бийликтин аша чабуусу”,-деп жазган Умала “Twitterдеги” баракчасына.

Умаланын жактоочулары өз кезегинде соттун бул чечимине арызданышаарын билдиришти.

Умала соттун мындай чечими чыккан Перудагы экинчи экс-президент болуп калды. Биринчиси Перуну 1990-жылдан 2000-жылга чейин башкарып турган Альберт Фухимори болчу. Ал коррупция жана башка мыйзам бузуулары үчүн 25 жылга кесилип, учурда абакта мөөнөтүн актап жатат. Өзүнүн 79 жашында Фухимори онкологиялык оору менен жабыркайт. Ал камакта отурган маалында бир нече жолу ооруканага жатып чыккан. Анын оорусуна карабай, аны үй камагына чыгарууга уруксат берилген эмес. Анткен менен апрелде Перунун президенти Педро Кучински бийлик Фухиморинин абалын эске алуу менен аны бошотууну карап жатканын билдирген.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий