• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пестицид менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер адамдын ден соолугунун начарлашына алып келет — Кострубова

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Пестицид (өсүмдүктөрдөгү курт-кумурскаларды жок кылуучу химикат) менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер адамдын ден соолугунун начарлашына алып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде маалымат жыйында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин органикалык айыл чарба жана биотехнологияны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Елена Кострубова билдирди.

Анын айтымында, продукцияны өстүрүүдө химиялык пестициддердин колдонушу жалпы экосистеманын бузулушуна алып келет.

“Химиялык заттар топуракта жана адамдын организмде көпкө чейин сакталып калат. Окумуштуулар пестициддердин ден соолукка зыяндуу экендигин мурун эле далилдешкен. Кыргызстан 10 жыл ичинде 100% органикалык продукцияга өтүү максатын койгон, бирок бул кыйынга турат. Бизде химикаттарды даярдаган заводдор жок болгону жакшы. Органикалык заттарды өстүрүү аянтын көбөйтүүгө аракет кылабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий