• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Петербург метросундагы теракт иши боюнча кыргызстандык жаран издөөгө алынды

Коом 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Москванын Басман соту 16-апрелде Кырызстан жараны Исламбек Тургуновду камоо боюнча сыртынан санкция салды. Интерфакс кабарлагандай, ал Санкт-Петербург метросундагы терактка шектелгендердин бири.

Шектүү Орусияга жеткирилгенден же кармалгандан кийин эки айга камалат. Тургуновго “Террордук уюмга катышуу” беренеси боюнча айып тагылды. Ал эл аралык издөөгө алынды.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгон, андан 16 киши каза таап, жүздөй киши жабыркаган.

Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдиришип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармаган.

Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы орус жараны Акбаржон Жалилов 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросуна колго жасалган жарылуучу «бомба» алып кирген. Ал Кыргызстанда туулган өзбек улутундагы жигит. Ал бир «бомбаны» метронун платформасына таштаган, бирок ал жарылган эмес. Кийин полиция аны зыянсыздандырган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Жалилов эки станциянын ортосунда вагондо экинчи «бомбаны» жардырган.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, Аброр Азимов «чабуулду уюштурган» деп аныкталган, ал эми калган 10 киши «ага көмөктөшкөн» деп табылган. Аларга «террордук топко мүчө болгон жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасап саткан» деген кине коюлду.

Пикир

Оставить комментарий