• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Петербургда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат

Коом 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында 21-декабрда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Курулуш объектиндеги кырсыкта болуп, үч жумушчу уранды астында калып, экөө ошол жерден набыт болгон. Анын бири 28 жаштагы кыргыз жараны.

Расмий маалыматтарга караганда, 750 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт, алардын 80 пайызы Россияда.

Пикир

Оставить комментарий