• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Петербургда короо шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандыктын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. 22-майдын кечинде Санкт-Петербургда Яковлевск тилкесиндеги жатакананын терезесинин тушунан 30 жаштагы адамдын сөөгү табылды, деп билдирет жергиликтүү ЖМКлар.

Алардын маалыматы боюнча короо шыпыргыч болуп иштеген 30 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү.

Адистер анын кулап түшкөнүн билдирген жаракатын байкашкан. Азыркы учурда укук коргоо органдары мигранттын өлүмүнүн себебин такташууда.

Пикир

Оставить комментарий