• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Петербургда Кыргызстандын жараны жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Санкт-Петербургдун полициясы Кыргызстандын жаранынын жубайын издеп жатат.

Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, 27-январь күнү укук коргоо органдарына 36 жаштагы Кыргызстандын жараны кайрылган.

Ал 33 жаштагы жубайы жоголуп кеткенин билдирген.

Анын жубайы Латышские Стрелки көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен. Жубайы өзү менен кошо төрт баласын - алты жашар уулун, эки, төрт жана тогуз жаштагы кыздарын, 50 миң сом акча, документтерди алып кеткен.

Эркектин айтымында, үй-бүлөдө уруш болгон эмес жана буга чейин аялы үйдөн кеткен эмес.

Пикир

Оставить комментарий