• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Петербургда сыракананы тоногонго шектелип Нигериянын жана Кыргызстандын жарандары кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Санкт-Петербургда ак спорттук костюм кийген эркек киши 25-октябрга караган түнү Заречная көчөсүндөгү сыра саткан дүкөндө аялды сабап салган. Ал алгач аялдан акча талап кылып, аял бербей койгондон кийин бул кадамга барган.

Ички иштер министрлигинин Петербург боюнча башкы башкармалыгы билдиргендей, чет өлкөлүк киши жабырлануучунун телефонун алып койгон.

“Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери эки адамды – Нигериянын жана Кыргызстандын жарандарын кармашкан. Аларга карата “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик протокол түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий