• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Петербургдагы Таврия сарайында КМШ ПААга Кыдыр Акенин эстелик бюстту тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясына (ПАА) Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту салтанаттуу түрдө берилди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков, Тынчтык Шайназаров, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий, Кыдыр Акенин неберелери Ишембек жана Дүйшөмбек Кадыровдор, Башкы катчынын орун басарлары, КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү, ошондой эле тарыхчы, окумуштуулар катышты.

КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп: “КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн белгилүү тарыхый инсандарынын бюсттарынын КМШ ПААга берилиши жагымдуу салтка айланды. Биз бүгүнкү күндө Таврия сарайында мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө жана улуттар ортосундагы ынтымакты арттырууга зор салым кошкон инсандардын бюстунун галереясы түзүлдү деп айта алабыз”, – деди.

“Ар бир элде тарыхый улуу инсандар бар. Алардын катарында Кыдыр Аке сыяктуу кылымдар бою калкынын эсинен кетпей турган залкарлар саналуу гана. Бүгүн биз ошол акылман саясатчынын, элинин сый-урматына татып, “Аке” деген асыл наамды алып жүргөн кадырман адамдын бюсттун кабыл алып жатабыз” – деген Дмитрий Кобицкий Кыдыр Аке Байсары уулунун бюстту Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында татыктуу орунга ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз кыргыз жана орус элинин эки тараптуу алакасынын өнүгүшүнө Кыдыр Аке зор салым кошконун белгилеп: “Таврия сарайына Кыдыр Акенин бюстун сыймыктануу менен тапшырып жатабыз. Борбор Азия чөлкөмүндө таанымал адамдар арбын, бирок биздин жердешибиз Кыдыр Аке Евразиялык алкактагы инсан”, – деди.

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков бул салтанат парламенттер аралык кызматташтык алкагындагы маданий-гуманитардык байланыштын жөнөкөй бир жүйөсү гана эмес, боордош элдердин достугун чыңдаган улуу инсанга карата көрсөтүлгөн сый экенин билдирди.

Кыдыр Акенин небереси Ишембек Кыдыров иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүнө ыраазычылыгын айтып: “Мен чоң атам Кыргызстан менен Россиянын дипломатиясына жол ачкан инсан катары эки мамлекеттин элинин эсинде сакталып келет”, – деди.

Белгилей кетсек, Кыдыр Аке Байсары уулу – ХIХ кылымдагы кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, көсөм саясатчысы. Ал он сегиз жашында Арык уруусунун башчылыгына шайланып, аймакты 20 жылдай жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий