• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санкт-Петербургдан Хорезмге учак менен 220 өзбекстандык жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. 8-сентябрда Санкт-Петербургдан Ургенч шаарына 220 өзбекстандык атайын чартердик каттам менен жеткирилди. Бул тууралуу Хорезм облустук Транспорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекенине келген өзбекстандыктар кеминде 10 күнгө карантиндик борборлорго жайгаштырылат.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, Москва менен Санкт-Петербургдан Хорезмге төрт чартердик каттам уюштурулуп, жалпысынан 840 жаран жеткирилген.

Мындан тышкары 8-сентябрда Ростов-на-Дону шаарынан Ташкентке 940 өзбекстандык жаран поезд менен жөнөтүлгөн.

Өзбекстандын аталган шаардагы башкы консулу Рустам Курганбаев жакында дагы 3 миң өзбек жараны мекенине жөнөтүлөрүн билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанга алты аба жана эки темир жол каттамы уюштурулду.

7-сентябрда Россиянын Самара облусундагы Кинель шаарынын жанына 3-4 миң өзбекстандык топтолуп, Казакстан чек арасынын ачылышын күтүп жатышканы кабарланган.

Августта Өзбекстандын Транспорт министрлиги Оренбург жана Самара облустарындагы орус-казак чек арасына жакын жерге топтолгон өзбекстандыктарды мекенине кайтаруу иши башталганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий