• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Петровка айылында №8 колониянын алдындагы бала бакча оңдолуп, ага айылдык балдар да бара баштайт

Аймак 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жана Москва районунун акими Өмүр Ногоев Чүй облусунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясынын алдындагы бала бакчаны көрүп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын абалы абдан начар экендиги аныкталган. Мелис Турганбаев тиешелүү кызматтарга бала бакчада оңдоо иштерин баштоо боюнча тапшырма берген.

Петровка айылында бир да бала бакча жок болгондуктан, оңдоо иштери аяктагандан кийин, айылдын балдары Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин балдары менен биргеликте ошол бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул бала бакча 170 орунга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий