• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Петровка айылында турак үйдөн өрт чыгып, эки адам түтүнгө ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн, мончонун жана бастырманын 105 чарчы метр чатыры күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 67 жаштагы жана 23 жаштагы аял кишилер түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Абалдары туруктуу экендиги айтылат.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий