• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Петровка айылында өз атасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-августунда болжол менен саат 20:30дар чамаларында Москва районундук милициясына Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-август күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында аталган кылмышка шектелип 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чеийнки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий