• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Петровкада турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Чүйдүн Москва районунун Петровка айылында 10-октябрда саат 23:35 чамасында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Саат 01:00дө өрт толук өчүрүлдү.

Өрт кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда аты-жөнү такталууда.

Жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.

Пикир

Оставить комментарий