• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Петрушевский №1 тергөө абагынын медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат - ЖАМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Бишкек мэриясынын алдындагы балдар жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский №1 тергөө абагынын медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кызматтан билдиришкендей, Петрушевский №1 тергөө абагына 27-июнь күнү камакка алынган.

"Медицина кызматкерлери аны текшергенде анын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык болгон. Учурда ал ооруканага жаткырылууга муктаж эмес", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Петрушевский 7-июнь күнү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий