• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Pew Research: Казакстан — дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Казакстан Вашингтондогу Pew Research изилдөө борборунун баяндамасында жарандардын дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына киргизилди.

Борбордун 15-июлда жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, Казакстанда бийлик менен болжолдуу түрдө макулдашпастан диний адабияттарды даярдоого, басып чыгарууга жана таратууга мыйзам менен тыюу салынган.

Ошол эле маалда Казакстан баяндамада диний себептерден улам чыккан социалдык жаңжалдар аз катталган өлкөлөрдүн катарына кирген. Борбордун маалыматы боюнча 2007-жылдан бери дүйнөдө мындай жаңжалдардын саны кыйла өскөн.

Баяндамада дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн сап башына Кытай, андан кийин Иран жазылган. Мындан тышкары алдыңкы саптарда Сауд Арабиясы, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия бар.

Pew Research Center — саясий партияларга көз каранды болбогон маалыматтык борбор. Ал 2007-жылдан бери дүйнөнүн 198 өлкөсүндөгү динге байланышкан чектөөлөрдү изилдеп, коомчулукка дүйнөдөгү көйгөйлөр менен тенденциялар тууралуу маалыматтарды жайылтып келет.

Пикир

Оставить комментарий